Ош-Ташкент эл аралык маанидеги жолунун 4-5 чакырымдагы курулуш иштерин 7-каналдын Оштогу кабарчысы жеринен көрүп келди.
Учурда жол бир тараптуу пайдаланууга берилген. Экинчи тарабы асфальттоого даяр турат, бирок иш ыргагы байкалбайт. Жеринде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Аман-Тоо-Строй” ЖЧКсынын өкүлү Равшанбек Дарыбеков жол июнь айында пайдаланууга берилээрин билдирди.
Ош-Ташкент жолунун бул бөлүгү Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган эң чоң чек ара өткөрмө бекетинин алды. Мындан улам, бекеттен чыккандан кийин Ош шаарына чейинки жалпы 484 метр узундуктагы жол мурдагыдан кеңейтилип, көрктөндүрүлөт. Мурда жолдун кеңдиги болгону 12 метрди түзсө, учурда 24 метрге чейин кеңейтилүүдө. Башкача айтканда алты катар багыттагы жол болот.
Андан сырткары тротуар, лотокторду куруу каралган. Өлкө казынасынан жалпы 81 млн сом бөлүнүп, тендерден 61 млн 370 миңге бааланган. Ошондой эле, Достук чек ара бекети дагы заманбап болуп капиталдык ремонттоодон өтүүдө. Ал эми жол боюнда жайгашкан соода күркөөлөрдү ирээтке келтирип, мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлгөн.
Белгилей кетсек, аталган жол аркылуу Ош-Андижан-Ташкент багыты боюнча эл аралык транзиттик транспорт каттамдары жүрөт.