Кытайда кулаган учактын 123 жүргүнчүсү менен 9 экипаж мүчөсүнүн баары каза болгон деп жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
«6 күндүк толук масштабдуу издөө-куткаруу операцияларынан кийин 26-мартта кечинде China Eastern Airlines авиакомпаниясынын учагынын кыйрашына байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча улуттук штаб MU5735 рейсиндеги бардык адамдар каза болгонун жарыялады», — деп айтылат билдирүүдө.
21-мартта Кытайда Boeing 737 учагы 133 жүргүнчүсү менен кулаганы маалым болгон. Кийинчерээк учакта 123 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгону такталган. Кырсык Кытайдын түштүгүндө катталып, China Eastern Boeing 737 жүргүнчү учагы Учжоу шаарынын Тэн округунда кулап түшкөн. Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, учак Куньминден жергиликтүү убакыт боюнча 13:15те учуп, Гуанчжоуга багыт алган. Учжоу аймагында саат 14:20 чамасында учак ылдамдыгын кескин азайтып, бийиктигин жогото баштаган, андан кийин радар экранынан көрүнбөй калган.