7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жакырчылыктан тажадым». Казакстанда өзүн 4 баласы менен өрттөмөкчү болгон келиндин видеосу тарады

881

Соцтармактарга тараган, үрөй учурган видеону Түркстан облусунун тургуну тарткан. Анда көп балалуу эненин үйүнүн ичиндеги буюмдарга өрт коюп, үйдү толугу менен өрттөмөкчү болгонун угуп, көрүүгө болот. Ал учурда келиндин балдары жанында болгон. Бул тууралуу «Спутник Казакстан» жазып чыкты.

Видеодо балдардын кыйкырыктары угулуп, аялдын өзү бул аракетин жакырчылыктан жана элдин кысымынан чарчаганы менен түшүндүрөт. Видеодогу келиндин 4 баласы бар. 

Түркстан облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Жетысай районунун полиция кызматкерлери жана прокуратурасы аял менен балдардын абалын билүү үчүн барышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя ушул жылдын 28-мартында болгондугу аныкталган. «Балдардын ден соолугуна коркунуч жок. Өрт дароо өчүрүлгөн. Полиция кызматкерлери аялга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Үй-бүлө компетенттүү органдар тарабынан көзөмөлгө алынган»,- деп айтылат маалыматта. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

882