Кыргыз эл жазуучусу, «Манас» орденинин жана көптөгөн башка сыйлыктын ээси Асан Жакшылыков; Фрунзеде Политехникалык техникумдун 2-курсунда окум жүргөн кезимде «Ала-Тоо» журналына алгачкы ырларым чыккан. Стипендиям 20 сом болчу, журналдан болсо 180 сом калем акы алдым. Редакцияны издеп барсам, Омор Султанов отуруптур, мен ал кишиге майлап берейин дедим. Эшикке чыксак Муратбек Рыскуловго жолугуп калдык, Омор-байке ал кишини да ээрчитип алды. Ошондо мен Омор Султанов менен Муратбек Рыскуловдун батасын алгам.
6-октябрда 75 жылдыгым белгиленет, ошого карата чыгармаларымдын 20 томдугу жарыяланып жатат, ага кошумча Аттокур Жапанов энциклопедия дагы даярдаптыр, аны кошкондо 21 том болуп жатат. Көп жанрда иштедим, ыр, поэма, ангеме, пьеса, драма, эссе да жаздым, котормо жагында дагы эмгектендим, учкул сөздөрдүн 2 томдугун чыгардым. Балдар үчүн жазуу өтө татаал, бул – өзүнчө бир өнөр. Менин ырымды обонго салган биринчи адам Жумамүдүн Шералиев болду…