7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча коло байгеге ээ болду

183

Асан Жанышов Хорватиянын борбору Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча коло байгени утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жанышов 1/16 финалдагы алгачкы беттешинде түрк балбаны Хасан Кылынчты 6:5 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыгуу үчүн болгон кармашта азербайжандык Ислам Аббасовду 4:3 эсебинде уткан.

Чейрек финалда ирандык Алиреза Мохмадипианига 1:4 эсебинде утулуп калып, бирок көңүл жубатуучу беттешке катышуу укугун алган.

Көңүл жубатуучу беттеште Асан Жанышов эсеп 1:1 болгондо немис балбаны Ханнес Вагнерди эскертүүлөр боюнча жеңди. Ал эми коло байге үчүн болгон кармашта Венгриялык балбан Давид Лощонцини 4:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду. Муну менен Асан Жанышов дүйнө чемпионатында коло медаль уткан бешинчи грек-рим балбаны болуп калды.

184