7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашхабад чет өлкөлүктөр үчүн эң кымбат шаар деп табылды

610

Түркмөнүстандын борбор шаары Ашхабад, чет элдиктердин жашоосу үчүн эң кымбат шаар деп табылып, былтыркы жылдын биринчилигин алган Гонконг шаарын артта калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул рейтинг жыл сайын америкалык «Mercer» аттуу фирма тарабынан дүйнөлүк компанияларга жана бийликке жардам катары жүргүзүлүп келет. Изилдөө кайсыл шаарда кызматкерлерине канча эмгек акы төлөөсү керектигин көргөзүп, чоң жеңилдик берет.

209 өлкөнү кучагына алган рейтингди түзүүдө компания турак-жайдын, транспорттун, тамак-аштын жана 200дөн ашуун товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына карап баа берген.

Алдыңкы 10 орунду төмөнкү шаарлар ээлеген:

  1. Ашхабад
  2. Гонконг
  3. Бейрут
  4. Токио
  5. Цюрих
  6. Шанхай
  7. Сингапур
  8. Женева
  9. Пекин
  10. Берн

Белгилей кетсек, бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү иш борборлору жайгашкан шаарлар болгондуктан, тез ылдамдыкта экономикалык өсүүсү, жашоо шартынын баасынын да кескин өсүшүнө алып келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611