Бүгүн, 28-мартта Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарында «Түркмөн жери — байыркы маданияттын борбору» аталышындагы эл аралык медиа форум өтүп жатат.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түрк дүйнөсүнүн 2024-жылдагы маданий борбору катары Түркмөнстандын байыркы Аннау шаарын жана 2024-жылды бүткүл түрк дүйнөсүндө түркмөнстандык акын жана философ Махтумкули Фраги жылы деп жарыялаган.
Анын алкагында уюштурулган медиа форумга 15 өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 70тен ашык өкүлү катышууда.
Иш-чарада Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, өкүлдөрү сөз сүйлөдү.
ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин айтымында, түрк дүйнөсүнүн биринчи медиа форуму өтүп жатат.
«Форумдун Түркмөнстанда өтүп жатканы абдан маанилүү. Түркмөнстандын азыркы күндөгү жаңы багыты дейбизби, маалыматтык кызматташуу багытында медиалар ортосунда контент, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү ачылып жатат. Түркмөнстанды бир аз жабык өлкө дейбиз. Бирок Түркмөнстан азыркы этапта бир гана өлкө эшигин эмес, маалымат эшигин да ачып жатат. Бул өтө жакшы көрүнүш. Ошондуктан бүгүнкү эл аралык форумда бир эле түрк дүйнөсүнүн эмес, Европанын, Россиянын, араб өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин да медиа өкүлдөрү келди», — деди Султан Раев.