7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда абал кандай?

811

Бүгүн, 26-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатат.

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо каттам бар.

Ал эми Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда бороон болуп жатат, бирок жол ачык.

Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоо эскертилди.

812