7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги отуруму болуп өттү

370

Президент Садыр Жапаров 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна катышты.

Иш-чара Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда өттү.

ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидери катары видео-конференц-байланыш режиминде Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель видео кайрылуу жасады. Ошондой эле Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен жана соода министри Аббас Алиабади сөз сүйлөдү.

Отурумдун жүрүшүндө 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде ЕАЭБдин катышуучуларынын интеграциясын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана багыттары, 2024-жылга карата ЕАЭБтин эл аралык чөйрөдөгү ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, катышуучу өлкөлөрдүн 2024-2025-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги максаттары жана көрсөткүчтөрү ж. б. маселелер каралды.

Мындан тышкары, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрү Иран менен эркин соода жөнүндө толук форматтуу макулдашууга кол коюшту.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдерге жана документтерге кол коюлду.

371