7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча 20га жакын документке кол коюлду

409

Күн мурун, 25-декабрда Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

-“ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө «Евразия экономикалык жолу» декларациясын ишке ашыруу боюнча «Иш-чаралар планы жөнүндө (“жол картасы”)” тескеме.
-Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө «Евразия экономикалык жолу» декларациясы.
-Евразия экономикалык бирлигинин 2024-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттары жөнүндө чечим.
-“Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы жөнүндө” чечим.
-«Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда жеке курам жана милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» чечим.
-“Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн стандарттарын жана аларды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүн эсептөө методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө” тескеме.
-«2024-2025-жылдарга карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө» чечим
-Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө 2017-жылдын 11-апрелиндеги өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.
-«Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим.
-«Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим.
-«Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечим.
-“Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жакындаштырууга тийиш болгон табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жөнүндө” тескеме.
-«Евразия экономикалык бирлигинин органдарына төрагалык кылуу жөнүндө» чечим.
-«Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун судьяларынын кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө» чечим.
-«Евразия экономикалык бирлигинин бюджети жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечим.
-«Евразия экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» чечим.
-«Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» тескеме.

 

 

410