7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда кар. Жолчулар күнү-түнү кезметте (ВИДЕО)

97
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.
Бүгүн, 10-декабрь саат 09:00го карата Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда бороон болууда. Айрым жерлерде кар күрткүнүн калыңдыгы бир метрге чейин жетип, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Каттам бар.
Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кечээ, саат 15:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө жакынкы сааттарда алынары күтүлүүдө. Жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүп жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

98