7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашуулардагы абал туруктуу

14

Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында күн ачык, кыймыл туруктуу. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда, Боом капчыгайында жана Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит ашууларында күн ачык, каттам бар.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 62-65-чакырымына катуу жааган кардан улам кар көчкү журүп, каттам жабылды. Учурда №3 Жол тейлөө ишканасы тарабынан карды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү тушүп, жол убактылуу жабылган. Азыркы учурда Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаап, борон болуда.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 441–537-чакырымына убактылуу чектөө киргизилген. Мындай чектөө Түз-Бел ашуусундагы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана белгиленген аймакта бороон болгонуна байланыштуу киргизилген.

Жол тейлөө кызматтары жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер күнү-түнү тынымсыз жүргүзүлүүдө.

15