Бүгүн, 26-январда өлкө аймагындагы унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык, каттам бар. Транспорт жана коммуникациялар министрли билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда жана Түп – Кеген жолунда каттам бар, жол ачык.
Учурда жолдордо, ашууларда кар күрткɵлɵрүн тазалоо кум- туз аралашмасын чачуу, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Транспорт министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларды жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.



