Бишкекте үч адамды өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.
Маалым болгондой, аталган иш боюнча апелляциялык арыз 20-декабрда карала баштайт. Соттук отурум саат 09:30га белгиленген.
16-февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова өз үйүндө 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу үчөө киши колдуу болгон.
Аширалиев 37 жашта, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. УКМКда 16 жыл иштеген.