Даниэл Ажиевдин апасы президент Садыр Жапаровго баласына ырайым кылуу өтүнүчү менен январдын башында кайрылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык тармакта президенттин телефонуна Ажиевдин апасынын видео кайрылуу жөнөткөнүнө күмөн санагандар болууда. Буга байланыштуу Аскат Алагөзов аталган видеону баракчасына кошо тиркеди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



