7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасы сыноодон ийгиликтүү өттү

392

Мамлекеттик салык кызматы селлерлер жана маркетплейстер менен биргеликте электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын тесттик режимде сынады.

Сыноонун жыйынтыгында товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан аркылуу Россия Федерациясына ийгиликтүү жеткирүү ишке ашырылды.

Жаңы форма бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана товарларды өлкөдөн тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган. Электрондук эсеп-фактура товарларды экспорттоого чейин электрондук документ катары таризделип, маркетплейстер аркылуу сатылуучу товарлардын кыймылын документтештирүү үчүн колдонулат.

Ошондой эле мындай эсеп-фактура товарды сатуу фактысы болуп эсептелбейт жана салык милдеттенмесин жаратпайт. Документке өзгөртүү киргизүүгө же аны жокко чыгарууга болбой тургандыктан, салык төлөөчүлөр маалыматтарды так жана толук толтурушу керек.

393