УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте пара алып жаткан жеринен аскер комиссариатынын офицерин кармады.
Шектүү 11-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгиси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Анын кызмат өтөгөн жеринде жүргүзүлгөн тинтүүнүн жыйынтыгында акча каражаттары жана аскерге милдеттүүлөр үчүн колдонулган гербдүү мөөр басылган бош бланктар табылды.
Кармалган офицер тергөө абагына киргизилди.