7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскердик кармаш урушу боюнча курама команда Москвада ийгилик жаратты

125

Бүгүн, 11-ноябрда аскердик кармаш урушу боюнча Кыргызстандын курама командасы Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курама командасы 6-10-ноябрь күндөрү Москва шаарында өткөн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Жеңиш кубогу” аттуу аскердик кармаш урушу боюнча I эл аралык турнирде командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

Мелдешке 21 өлкөдөн келген 100гө жакын спортчу катышкан. Кыргызстандын спортчулары эки күмүш жана эки коло медаль утуп алды.

Күмүш медаль ээси болгон спортсмендер:

Таласбек Муктаров (65 кг чейин) — “Пантера” атайын багыттагы бөлүгү;

Олжобай Курбанбеков (80 кг чейин) — КР Коргоо министрлигинин СКА командасы.

Коло медаль ээси болгон спортчулар:

Ислам Назармухамедов (65 кг чейин) — Ысык-Көл облусу, Каракол шаары;

Баястан Омурзаков (60 кг чейин) — ИИМ академиясынын курсанты.

Мындан тышкары, 70 кг чейин салмактагы Аскер институтунун курсанты Медет Камчыбеков төртүнчү орунду камсыздады.

Командалык эсеп боюнча Россия Федерациясынын курама командасы биринчи орунду, ал эми Казакстандын командасы үчүнчү орунду ээледи.

126