7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 35 чакырымдан ашык жаңы кабель линиялары тартылды

230

Энергетика министрлигинин реформаларынын алкагында борбор калаада жаңы кабелдик тармактарды куруу жана эскилерин реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул энергетикалык инфраструктураны жаңылоодо маанилүү кадам болуп саналат.

10 кВ линиясын алмаштыруу иштери «Энергетикалык секторду модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Учурда «Мурас» подстанциясынан жаңы кабелдер тартылды, бул иш-чаралар төмөнкүдөй жыйынтыктарды берет:

  • техникалык жоготууларды азайтуу;
  • тармактардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
  • энеоргоэффектүүлүктүн заманбап стандартына ылайык, 10 кВ иштөө чыңалуусуна өтүү.

Реконструкция учурунда ишенимдүүлүк жана узак кызмат мөөнөтү менен айырмаланган полиэтиленден тигилген обочолоткучу бар заманбап кабелдер колдонулду.

Модернизациянын алкагында 3×185 мм² жана 3×240 мм² көлөмүндөгү кабелдер төшөлүп, бул керектөөчүлөрдүн электр менен камсыздоосунун сапатын жана туруктуулугун жогорулатат.

Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (IDA) жана Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик секретариаты (SECO) тарабынан каржыланууда. Анын алкагында Бишкек шаарында 6/10 кВ чыңалуудагы 80 чакырым кабель линияны үч жылдын ичинде реконструкциялоону пландалууда.

 Бул – энергетикалык инфраструктураны жаңылоодо маанилүү кадам. Учурда 35 чакырымдан ашык заманбап кабелдик линиялар тартылды.
231