7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскердик окуу жайга мыйзамсыз кабыл алууга шектелген кызматкер кармалды

180

УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Коргоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери катышкан коррупциялык ишти ачыктады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, кармалган жаран 2024-жылы абитуриент тестирлөөдөн 108 упай алган (босого упай — 110). Бирок, документтерге жасалма жол менен 129 упай деп жазылып, ал Аскердик жогорку окуу жайына мыйзамсыз кабыл алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, аталган абитуриенттин апасы уулун окууга киргизүү үчүн Коргоо министрлигинин кызматкерлерине жалпы 4500 доллар пара берген.

Каражаттын бир бөлүгү (45 миң сом) майордун жеке эсебине банк терминалы аркылуу которулган.

Буга байланыштуу Коргоо министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын жооптуу кызматкери, майор пара алуу жана кызматтык жасалмачылыкка шектелип кармалды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 2026-жылдын 11-февралына чейин СИЗО-1ге камакка алынды.

Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

181