7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Asman Airlines ата мекендик авиакомпаниялар менен жеткиликтүү бааны бекитти

202

Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдарда эң актуалдуу жана жеткиликтүү тарифтерди мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines сунуштайт.
2026-жылдын 1-майынан тартып Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (Жалал-Абад” аэропорту) ички авиамаршруттарынын авиабилеттерине макулдашылган баа системасы киргизилүүдө.

Бул чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU сыяктуу ата мекендик авиакомпаниялар менен өткөргөн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Диалогдун жүрүшүндө тараптар өз ара келишип, баа түзүү боюнча бирдиктүү ыкманы макулдашышты.

Манас шаарына бардык кыргыз авиакомпаниялары боюнча билеттердин максималдуу баасы 5500 сом болот.
Ал эми “Асман Эйр” авиакомпаниясында гана баа 4100 сом.

«Ички авиакаттамдардын жеткиликтүүлүгү маселеси биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Бекитилген тарифтерди киргизүү ички авиаташуу рыногун турукташтырууга, баалардын кескин өзгөрүшүнүн алдын алууга жана жүргүнчүлөр үчүн ачык-айкын, түшүнүктүү шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, — деп белгиледи Манасбек Самидинов.

203