Бүгүн, Өлкөгө AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүктү “Манас” аэропортунан саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Польшанын резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчисинин орун басары Томаш Коллат жана Европа биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр тосуп алышты.
Белгилей кетсек, вакцина Европа биримдигинин жарандык колдоо механизминин алкагында Польша мамлекети тарабынан берилди.