Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. Автоматтык түрдө эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгы боюнча 4 партия алдыда келе жатат.
- «Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 36,54%;
- “Биздин Кыргызстан” партиясы — 33,27%;
- “Улуттар биримдиги элдик» партиясы — 17,26%;
- “Бир Бол” партиясы — 8,53%.
Эскерте кетсек, Ош шаардык кеңешке 8 саясий партия ат салышкан. «Ынтымак» партиясы шайлоого бир күн калганда катышуудан баш тарткан.