Ат-Башы районунда жолдорду асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунда 2023-жылга карата, жалпы 35,5 чакырым жол асфальттоо иши планга киргизилген. Учурда Ат-Башы-Ача-Кайынды унаа жолунун 1,5 чакырым жолун асфальттоо иштеринин алгачкы этабы башталды.
Аталган ишке республикалык бюджеттен 10,8 млн сом акча каражаты каралган. Ошондой эле Ат-Башы-Ача-Кайыңды көпүрөөсүн реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.
Мындан сырткары Ача-Кайынды Терек-Суу унаа жолунун 3,0 чакырым бөлүгүнө асфальт жаткызуу иши башталды. Аталган жолго республикалык бюджеттен 21,0млн сом акча каражаты каралган.
Ошондой эле Чар-Ак-Муз 10 чакырым унаа жолуна асфальт жаткыруу боюнча тендерге берилип учурда жеңүүчүнү аныктоо каралууда.