7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери пара менен кармалды

429

Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  28-февралда УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келип түшкөн билдирүүгө ылайык, 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын жумушчусу Б.А.С. кармалды.

Белгилей кетсек, аталган жаран буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган. Ошол эле учурда, 2015-жылдан 2018-жылга чейин “АКНК” (Коррупцияга каршы элдик көзөмөл) коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

Ал узак убакыттан бери А.А.А. аттуу жаранды мурда жумушка орноштургандыгы үчүн, коркутуп-үркүтүп жана шантаж жолу менен акча талап кылып жүргөн.

Ал кызмат адамы эмес болгондугуна байланыштуу ага башка жакка кетпөө жөнүндө бөгөт коюу чарасы коюлду.

Учурда керектүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

430