7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда эки жеке менчик бала бакча ачылды

914

Ат-Башы айылында эки жеке менчик балдар бакчасы ачылып, өз ишмердүүлүгүн баштады.  Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан билдирди.

Бул үй тибиндеги бала бакчалар «Өкмөттүк акселератор» программасынын алкагында 10 жана 15 орундуу болуп ачылды.

«Кенч билим» бала бакчасы 2 жаштан баштап алса, «Наристе» бала бакчасы 6 айлыктан баштап кабыл атат.

Ачылыш аземине Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жылдыз Жантелиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев катышып, бала бакчанын ишине ийгилик каалашты.

Ишке ашырылып жаткан  «өкмөттүк акселератор» программанын максаты жеке ишкерлерди тартуу менен үй тибиндеги жеке бала бакчаларды ачып,  балдар бакча тартыштыгын чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

 

915