7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды

181

Ат-Башы районунда эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирстин жана күрөң аюунун терилери табылды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Эс алуучу жайдын ээси терилер болжол менен 30 жыл мурда алынганын билдирген. Бирок алардын мыйзамдуу жол менен алынгандыгын ырастаган тиешелүү уруксат берүүчү документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле, ал текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн тиешелүү документтерге кол коюудан баш тарткан.

Учурда аныкталган жагдайлар боюнча бардык материалдар чогултулуп, мыйзам чегинде баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык илбирске келтирилген зыян үчүн 2 миллион сомго чейин, ал эми күрөң аюуга келтирилген зыян үчүн 1,5 миллион сомго чейин доо каралган.

182