7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ата», «Ак Сарай»… УКМК Бишкектеги алты тойкананын ээсин кармады

344

УКМК Бишкектеги «Асман», «Мейкин», «Сый ордо», «Ата», «Ак булут», «Ак Сарай» тойканаларынын ээсин кармады.

Атайын кызмат билдиргендей, бул тойканалар кызыл сызыктан чыгып кеткен. Банкеттик залдардын С.А.С. аттуу кожоюну айрым мамкызматкерлер менен сүйлөшүп, ресторандардын аянтын өзүм билемдик менен кеңейтип алган.

Ошондой эле коммерциялык объектилердин негизги бөлүктөрүн ижарага алынган муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырган. Ишкер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК тарабынан кылмыштуу иштерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иликтөө иштери улантылууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

345