7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ата-Бейитте» кыргыз-тажик чек арасында каза болгондор эскерилди

241

Бүгүн, 16-сентябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын үч жылдыгына арналган эскерүү митинги болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Курман болгондорду эскерүүгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Алимбаев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагерлер жана УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы катышты.

Митинг-реквием жоокерлердин түбөлүк жайына гүлчамбар коюу менен башталды. Аларга багышталып куран окулуп, андан соң иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт үн катпай эскеришти.

Курман болгон аскерлердин эрдиги Кыргызстандын тарых барагына түбөлүккө жазылып калды. Быйыл, 28-майда, мамлекеттик чек араны коргоп жатып курман болгон аскерлердин урматына тургузулган эстеликтин ачылыш аземи өткөн.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

242