7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атаңды абактан чыгарам… Баткенде жаранды 1,5 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

195

Баткенде абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 млн сом алдап алган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 2-октябрында шаардык милицияга Баткен районунун 28 жаштагы тургуну кайрылып, Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну Э.С. анын ишенимине кирип, «абактагы атаңды бошотуп берем» деп убада берип, 1,5 млн сом акчасын алдап алып, ушул күнгө чейин түрдүү шылтоолор менен качып жүргөнүн билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши Кылмыш жаза Кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, шектүү Э.С. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.

196