7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата-Мекендик ишкерлер Зардалыга заманбап ГЭС куруп, жол салат

2860

Жалама зоону бойлогон жалгыз аяк жолу, жарыгы жок жашоо шарты менен таанылган, Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына жакында жол салынып, электр чубалгылары тартылат. Демилгени Ата-Мекендик ишкерлер колго алып, быйыл күзүндө иш баштайбыз деп турган чагы.

Бул тууралуу, журналист Актилек Гүлжигит кызы кабарлап, маалыматты демилгечилердин бири Дүйшөнбек Муратов тастыктады.

Ишкерлер Зардалыдан агып, Сох дарыясына куйган Мамый дарыясына 29 мегаваттык гидроэлектростанция курууну пландап жатат. 30 мегаваттан өйдө чоң ГЭС деп айтылышын эске алсак, бул долбоор алдыда жалпы Баткен районун электр жарыгы менен толук камсыздай алат.

Баш аягы 3 жылды талап кылган курулуш иши, ушул жылдын күз мезгилинде башталганы турат. Алгач жол салынат.

 

“ Зардалынын жалгыз аяк жолу келген адамдын эсинен чыкпаса керек. Жашоо турмушу да 18-кылымда калып кеткендей, жарыгы жок.   Ошондуктан, биз өнөктөштөр менен макулдашып, бул жака электр энергиясын тартып берүүнү эп көрдүк. Алар да биздин эле, элге жасаган кызматыбыз болсун. ГЭС курулгандан кийин электр энергиясын Зардалынын элине 80%,  Баткен районундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө да атайын арзан тариф менен беребиз. Андан сырткары жол чырактарын коюп, көчөлөрдү жарыктандыруу милдетин моюнга алып жатабыз”-дейт демилгечилердин бири “Ак-Буура” ЖЧКсынын директору Дүйшөнбек Муратов.

Аталган ГЭС инновациялык технология менен курулат. Башкача айтканда суунун чоң көлөмүн талап кылбай эле, шаркырап аккан жеринен түтүк аркылуу тартылып, колдонулат. Болжолдуу сметалык баасы 20 млн доллар. Аны курууга Ата-Мекендик ишкерге өнөктөш болуп, арабдардын 2 компаниясы катышат.

Эске салсак, Баткен облусунун Зардалы айылында жалпы 300 түтүн бар. Жергиликтүү жашоочулар ушул учурда чырак, фонар менен печкеге от жагып тиричилик өткөрөт. Ага жакын жерде чек ара заставасы жайгашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2861