Мерт Рамазан Демир «Зимородок» сериалындагы Ферит аттуу каармандын ролунан кийин популярдуу болуп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратууда. Актёр тууралуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.
1) 1998-жылы 25-ноябрда Шила айылында төрөлгөн. Баштапкы жана орто билимди актёр өзүнүн айылында окуп бүткөн.
2) Мектепте окуп жүргөндө атактуу футболчу же баскетболчу болууну көздөгөн жана профессионалдык деңгээлде спорт менен машыккан.
3) Рамазан Демир 17 жашында “Гамлет” пьесасын окуп жатып күтүүсүздөн актёр болууну чечет. Профессионалдык актёрлук билимди Диалог Анлатым Илетишим академиясынан жана Мишель Дэннер студиясында алып, белгилүү режиссёрлор менен таанышкан.
4) Эң кызыгы Мерт Рамазан Демир “Зимородок” сериалында чогу ойногон актриса Афра Сарачоглу менен үчүнчү жолу бирге бир съемкага тартылган. Алар биринчи жолу 2017-жылы “Фазилет айым жана анын кыздары” аттуу сериалында жолугушкан. Андан соң “Мугалим” телесериалында Афра башкы ролдо, Рамазан экинчи ролду ойногон.
5) Азыркы учурда Мерт Рамазан Нетфликстин платформасында чыгып жаткан «Шахмеран» тасмасында тартылып жатат.
5) Бош убактысында актёр жөн гана кино көрөт же уктап эс алат. Ал эми съёмка учурунда башка эч нерсеге алаксыбай, бир гана жумушуна көңүл бурат.
6) Баскетбол, футбол, стол тенниси, сууда сүзүү, бокс сыяктуу спорттун түрлөрүнө кызыгат.
7) Социалдык тармактарга кызыгат. Инстаграмдагы катталуучуларынын саны 2,7 миллионду түзөт жана фейсбук жана твиттерде да расмий баракчалары бар.
8) Бою 1 ,79 сантиметр, салмагы 74 килограмм. Эгерде анын жашы тууралуу айта турган болсок, быйыл актёр 25 жашын белгилейт.
9) Актёрлук карьерасына болгон кыялдары жана максаттары көп. Ал Даниел Дэй Льюис жана Леонардо Ди Каприо сыяктуу чет элдик актёрлорду кумир тутат.
10) Мерт 5 бир туугандын эң кичүүсү, 4 агасы бар. Апасы үй кожейкеси, атасы болсо бизнесмен.
11) Актёр көзү кара, чачы узун, мүнөзү токтоо кыздарды жактырат.