7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атамбаев саясатка кайтса, элге да, өлкөгө да зыян алып келет!

586

Атамбаев саясатка кайтса, элге да, өлкөгө да зыян алып келет!

Бийликтеги эки достун, тагыраагы, С.Жапаров менен К.Ташиевдин кең пейилдигине, айкөлдүгүнө сөз жок. “Аш менен урганды таш менен ур”- деген кыргыздын кечиримдүү мүнөзүн көрсөтүшүп, мурдагы президент А.Атамбаевдин абактан чыгып дарылануусуна уруксат беришти. Бул жагынан журт башчылары катары кекчилдик, өч алуу деген нерселерден жогору турарын айгинелешти.
Эми эркиндикке чыккан Атамбаев өзүн кандай алып жүрөт, саясатка кайтып келеби, жокпу, өзүнүн балп этмелерин кайрадан баштап, “менден өткөн кыйын жок, Кыргызстанды мен гана башкарышым керек”,- деген сыяктуу оолукма адаттарын карматпайбы? Көпчүлүктү ушул маселе ойлондурууда. “Жээнбековдордон өч алам” деп, кезектеги “боткону” чалып, ага элди, өлкөнү кириптер кылып, Бекболот Талгарбеков айтмакчы кыргыздын шоруна жаралган апаат экенин көрсөтпөйбү?

Ачыгын айтканда, Атамбаевдин саясаттан, мамлекеттик башкаруу иштеринен алыс эле жүргөнү оң болоруна кыргыз эли ынанып бүттү. Анын саясатка кайтуусун айрым тарапташтары, айланасындагылар эле каалабаса, көпчүлүк аны саясий аренадан көргүлөрү деле жок. Муну Атамбаев жана атамбаевчилер кабыл алгылары келишпесе да, бирок чындык ушундай.
Атамбаев ден-соолугун жакшыртып, тыңып алган соң саясатка кайтып келерин күтсөк болот. Анын “саясатка келерими, келбешими убакыт көрсөтөт”- деп айтканы буга далил. “Убакыт көрсөтөт”- дегени “келем” дегени. Аргасыздан “карышкыр канчалык сопу көрүнгүсү келсе да, койду көргөндө…”- деген сөз эске түшөт.Бирок саясатка аралаша баштаса кандай болот? Өлкөнү, элди гана кыйнап, саясий кризистердин жаралышына себепчи гана болот. Саясий максаттарына жетүү үчүн элдин биримдигин, өлкөнүн тынчтыгын бир тыйынчалык көрбөгөн адам мамлекет, коом үчүн коркунучтуу.

Андыктан акыл-эси болсо Атамбаев саясий дымагын жыйыштырып, башкалардын азгырырыктарына азгырылбай, чакырыктарына оолукпай, неберелерин карап, коомдук-гуманитардык иштер менен алектенип, кеп-кеңештерин берип, балким, ыр жазып, же адабиятчылыгын кылып жашоосун өткөргөнү өзүнө да, элге да жакшы. Болбой эле бийликтегилерге тап коюп, “тиш” кайрай берсе, анда мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраган эчкинин тагдыры күтөт. Анда Атамбаевге сооп деле жок…
Булак: Саясат.KG

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

587