7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атазов «админресурс колдонду» — деп кимди айтты? Ош ОИИБи иликтей баштады

697

27-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов сессияда Ош областынын аймагында кээ бир депутаттыка талапкер болгон атуулдарга карата административтик ресурстар колдонулуп жаткандыгын билдирген.

Бул маалымат Ош ОИИБинин электрондук каттоо китепчесине катталып, териштирүү башталганын Ош ОИИБнин маалымат кызматы кабарлады.

«Бүгүнкү күндө Ички иштер органдары өзүнүн кызматтык милдетинин алкагында бул багыт тийиштүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп жатат, бул маалымат боюнча текшерүү иштери башталды жана катуу көзөмөлгө алынат. Эгерде аталган маалыматтагы административтик ресурстар колдонулгандыгы далилденген болсо ээлеген кызматына карабастан мыйзам чегинде жоопко тартылат»  деп жазылат ОИИБдин малыматында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

698