27-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов сессияда Ош областынын аймагында кээ бир депутаттыка талапкер болгон атуулдарга карата административтик ресурстар колдонулуп жаткандыгын билдирген.
Бул маалымат Ош ОИИБинин электрондук каттоо китепчесине катталып, териштирүү башталганын Ош ОИИБнин маалымат кызматы кабарлады.
«Бүгүнкү күндө Ички иштер органдары өзүнүн кызматтык милдетинин алкагында бул багыт тийиштүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп жатат, бул маалымат боюнча текшерүү иштери башталды жана катуу көзөмөлгө алынат. Эгерде аталган маалыматтагы административтик ресурстар колдонулгандыгы далилденген болсо ээлеген кызматына карабастан мыйзам чегинде жоопко тартылат» деп жазылат ОИИБдин малыматында.