Нарында аты табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылганын ӨКМден билдиришти.
«Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын Ак-Моюн айылындагы суу көзөмөлдөөчү мурап Өмкө каналында адамдын сөөгү жатканын кабарлаган. Саат 18:09да куткаруучулар 21 жаштагы жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти»,- деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, аталган тургун ушул жылдын 7-июлунда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан.