7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Текшерүүчүлөр коркутуу жолу менен 500 миң сом талап кылып кармалышты

313

“Аудит-Финучет” аудитордук компаниясы УКМК органдарынын атынан жашырынып, коркутуп-үркүтүү жолу менен 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан муниципалдык менчиктин ижара акысынын суммасын азайтып көрсөтүү фактысы боюнча Маалыматтарды каттоо журналына катталган материалдын алкагында УКМК тарабынан кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу аталган уюмдун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудитти уюштуруу жана жүргүзүү максатында “Аудит-Финучет” аудитордук компаниясы, жетекчиси Ж.З.А. жана адиси Б.Н.С. менен келишим түзүлгөн.

Жогоруда аталган аудиторлор Муниципалдык менчик башкармалыгынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүдө, УКМК органдарынын атынан жашырынып, коркутуп-үркүтүп “Олимп групп” ЖЧКнын жетекчисинен документациядагы мыйзам бузуулар жөнүндө фактыларды жашыруу үчүн опузалап беш жүз миң сом өлчөмүндөгү акча каражат талап кылгандыгы тууралуу маалыматтар алынган.

Жогоруда аталган аудиторлордун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу жана документтештирүү максатында УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголуп, аудиторлор тарабынан опузалап талап кылуу жана ортомчу Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери аркылуу акча каражаттарын алуу фактылары аныкталып документтештирилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

 

314