Токио 2020 Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов Олимпиадада рингке кийип чыккан формасын акционго койду.
Аукциондун баштапкы баасы 50 доллар болуп, кечээ 19-августта башталды. 31-август кечки саат 20:00гө чейин уланмакчы. Акуланын сүрөтү түшүрүлгөн күмүш байге ээсинин формасы, эң көп сумманы сунуштаган адамга берилет. Балбан жигит бул каражатты кайрымдуулук ишине арнаарын убада кылган.
Оюн Махмудовдун инстограмм баракчасында жүрүп жатат. Бир сутка ичинде миңден ашык билдирүү жазылып, көпчулүгү 22 жаштагы балбан жигиттин данышман ойлоруна суктанууда.
Азырынча 100, 200, 500 доллар сунуштагандар арбын. Алдыда даагы 11 күн бар. Келечекте Олимпиада чемпиону болууну каалагандар үчүн, ырымдап формасын сатып алуу, айрыкча кайрымдуулук үчүн алуу мыкты саамалык.
Белгилей кетсек, кыргыз элинин байыртан сакталып келген каада салтында, ырымдап буюм берүүнүн касиети бар. Бул эң оболу ойду бир точкага топтоп, бир максатка багыттоого жардам берет.
Баса, Олимпиада чемпиондору үчүн мамлекет тарабынан чоң суммадагы сый акы каралган.
Акжол Махмудовдун күмүш байгеси үчүн мамлекет 15 млн 725 миң сом болот. Анын ичинен балбан жигитке 7,5 млн сом тийет. Махмудов ага Бишкек шаарынан озүнө турак жай сатып алаарын айтты. Ал буга чейин ижарага үй алып жашап келген.