Муниципалдык инспекция Бишкектин курулуш объектилеринде рейд өткөрдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, Токомбаев көчөсү, 21а/3, Рыскулова жана Жибек-Жолу проспектиси боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Текшерүү тарабынан төмөнкү ишканаларга карата жалпы суммасы 92 миң сомдук протоколдор түзүлдү: «Профит-Экспресс» ЖЧКсы; «Турпан Строй» ЖЧКсы; Royal Construction ЖЧК; «Авангард Стиль» ЖЧКсы. Мэрия курулуш объектилери унаа жуугучтар менен жабдылышы керектигин эскертти. Автоунаалардын дөңгөлөктөрү менен шаарга топурак жана ылай ташууга тыюу салынат.