Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, батир ижара акысы кымбат болуп жатканын айтты. Эл өкүлү мындан жаш үй-бөлөлөр, кирешеси төмөн жарандар кыйналып жатканын белгилеп кетти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул боюнча МИКтин алдында атайын программанын алкагында иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



