7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдар абагында жаңы жылдык концерт болуп өттү

573

Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси менен аялдар абагында жаңы жылдык концерт болуп өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Степное айылындагы №2 — түзөтүү мекемесинде артисттер жаңы жыл алдында жазасын өтөп жаткан аялдардын көңүлүн көтөрүштү. Белгилүү ырчылардын, маданият ишмерлеринин катышуусундагы майрам Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Айгүл Айдарованын демилгеси менен ишке ашырылды.

Ал эми жаңы жылдык концертти КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ийгиликтүү өткөрүштү.

Белгилей кетсек, иш-чара КРнын президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы No313 “Инсанды руханий-адептик өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574