Баткенде чек араны коргоо учурунда каза болгон чек арачыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты “Ата-Бейитте” өттү.
Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековду “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде акыркы сапарга узатуу аземине катышты.
Мамлекет башчысы мекен үчүн баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.