Кытайдын Куньмин шаарында аялдын көзүнөн 60 тирүү мите курт алынды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аял көзүн тырмап жатканда көзүнөн курт түшүп кеткен. Ал тез арада клиникага жаткырылып, операция учурунда аялдын көзүнөн 60 курт алынган. Операция жасаган дарыгер көздөгү мите курттар бейтаптын сокур болушуна алып келиши мүмкүн экенин айткан.
Мындай коркунучтуу мите курт үй жаныбарлары менен байланышта болгондон кийин пайда болушу мүмкүн.
Дарыгерлер бейтапка көзүн ушалап же тамак жегенге чейин дайыма колун жууп турууну айтып, этият болууну эскертишкен.