7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдын кекиртегине бычак такап, акчаларын алып качып кеткен шектүү кармалды

775

Токмокто аял кишини тоноого шектүү жаран кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы июнь айынын аягында Токмок шаардык милициясына 35 жаштагы аял кишиге карата укукка каршы аракеттер жасалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

«Түнкү саат 02:30 чамасында Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз адам эшиктин алдындагы желим килемди өрттөп жиберген. Түтүндүн жытынын айынан батирдин кожейкеси эшигин ачып, сыртка чыкканда кылмышкер аялдын кекиртегине бычак такап, үйгө киргизип кеткен. Үйгө киргенден кийин акча каражаттарын жана баалуу буюмдарын издеп баштаган. Үйүндө болгон бардык акча каражатын ээлеп алган соң, ал изин жашырып качып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча Токмок ШИИБдин Тергөө кызматы КР Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө баштаган.

Шектүүнү Чүй облусунун аймагынан кармашып, тергөө органына жеткиришип, андан соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалган жаран оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн соттолгон. Ал Нарын облусунун 1991-жылы туулган И.Б. аттуу тургуну болот. Ошондой эле бул жаран И.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Иликтөө иштери уланып, соттун чечими менен кармалган жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

776