7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялын атка сүйрөп өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

4496

Кочкордо тааныш келинди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган жаран өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук прокуратура кабарлайт.

Окуя 23-январь Кочкор районунун Теңдик айылынын жайлоосундагы сарайдан 20-25 жаштагы келиндин жансыз денеси табылып, күч колдонулуп өлтүрүлгөнү маалым болгон. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган.
Кылмышка шектүү катары аталган сарайсын малчысы, Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.И. кармалган.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан М.И.га Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) айыптоо актысы бекитилип, иш сотко жиберилген.

Сотто Кочкор районунун прокурорунун орун басары айыптоону колдоп, М.И.ге 150​ 000 сом айып салуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууну сураган.
Кочкор райондук сотунун 2021-жылдын 20-апрелиндеги өкүмү менен М.И. күнөөлүү деп табылып, 150​ 000 сом айып салуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4497