Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп дайындалды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны эмгек жамаатка тааныштырды. Ошондой эле ал бүгүн ишке киришкенин билдирдию
Каратаев Мадамин Мусаевич 1962-жылы туулган, 59 жашта. Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Курган айылында туулган. Кыргыз-орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Эске салсак, март айында Мадамин Каратаев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулган. Кийинчерээк саламаттыктын башчысы Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн чечимин Мадамин Каратаев эс алууга чыккандыгы менен түшүндүргөн.