7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аянты 51 000 М². Стамбулда эң чоң китепкана ачылды

367

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги Рами китепканасына келген конокторду кучак жая тосуп ала баштады. Рами китепканасы Стамбулдун Эйүпсултан шаарында, 18-кылымдан калган мурдагы Рами казармасында ачылды. Оригиналдуу структурасы жана баалуу материалдары боюнча жүргүзүлгөн реставрация, реконструкция жана курулуш иш-чараларынан кийин Рами китепканасы «Стамбулдагы эң чоң китепканага» айланды. Бул китепкана бир Түркияда гана эмес, Европада эң өзгөчө, эң алдыңкы саналуу китепканалардын катарына кирди.

Рами казармасынын кампусунда 4 200 кишилик отургучтар, көптөгөн, ар түрдүү бөлүмдөр, ошондой эле ымыркай жана балдар китепканасы, санариптик китепкана, жаштар китепканасы, чоңдор үчүн китепкана жана ар кандай адистештирилген китепканалар бар. Заманбап китепкана 24 саат бою ачык болот. Иштөөчү жана окуу залдары, ымыркай жана балдар бөлүмү, ыңгайлуу бөлүм, топтук жана жеке окуу залдары күнү-түнү иштейт.

Рами китепканасы 51,000 м² ландшафттуу аянты, 36,000 м² жабык бөлүмү, 2,5 миллион томдук китеп баткан 220 м² окуу залдары менен Европадагы «Эң чоң ички пейзаждуу китепканалардын» катарына кошулду. Гектарлаган жашыл аянтынан тышкары китепканын тегерегинде бак-дарактар ​​менен курчалган 1000 м² жасалма көлмө да бар.

ТУРУКТУУ МУЗЕЙ СЕРТИФИКАТЫН АЛГАН «РАМИ»

Рами китепканасы туруктуу музей сертификатын алган Түркиядагы биринчи комплекс болуп калды тарых барактарына жазылды. Китепканага калыбына келтирүү техникасы, инфраструктура системалары, жергиликтүү маданий жашоону колдогон түзүм жана зыяратчылар үчүн жаңы жашыл мейкиндикти түзгөндүгү үчүн Биосферанын туруктуу музейинин сертификаты, ошондой эле Туруктуу туризм сертификаты да берилди. Китепкана байыркы ресурстарды жана маалыматтарды келечек муунга жеткире турган баалуу аянтча болуп калды десек да жаңылыштык болбойт.

СТАМБУЛДУН «ЖАНДУУ КИТЕПКАНАСЫ»

Рами китепканасы «жандуу китепкана» концепциясы жана заманбап китепканачылык концепциясынын алкагында коомдун маданий, билим берүү жана искусство муктаждыктарын канааттандыра турган абалда Стамбулга алып келинди. Китепкана өзүнүн ар түрдүүлүгү менен бардык курактагы конокторго «жаңы китепкана тажрыйбасын» сунуштай, көрсөтөт, кызмат кылат. Рами ичиндеги Ататүрктү таануу бөлүмү Түркиядагы эң чоң адистештирилген китепкана болуп жасалгаланды. Бул бөлүмгө Түркия Республикасынын тарыхына, түрк тили жана маданиятына, өзгөчө Ататүрктүн тарыхына байланыштуу эмгектер менен бирге өзгөчө коомдук жана гуманитардык илимдер тармагында иштеген изилдөөчүлөр жана окурмандарга кызмат кылган 20 000ден ашуун китептен турган бай коллекциялар коюлду.

ТАРЫХТЫ КЕЛЕЧЕККЕ ТАРТУУЛАГАН “ШЫПАКАНА” БӨЛҮМҮ

Тарыхый кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү басылмалар китепканын «Шыпакана» (реставрация) бөлүмүндө сакталат. Ар кандай томдордун жана китептердин бузулушу китепкананын лабораториясында жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу бааланып, реставрация иштери адистер тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлүүдө. Шыпаканада коргоого алынган артефакттар ылайыктуу шарттарда сактоочу жайларда сакталып, үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүп турат. Маданият, тарых жана искусство тармактарында Стамбулдун «негизги борборуна» айлана алатурган Рами китепканасы миллиондогон китептерди, кагазга түшүрүлбөгөн материалдарды жана санарип булактарды окурмандарга жана изилдөөчүлөргө сунуштайт. Китепканада ошондой эле жыл бою сүйлөшүүлөр, семинарлар, мастер-класстар жана көргөзмөлөр өткөрүлөтурган жерге айланат.

КАЗАРМАДАН ЭҢ ЧОҢ КИТЕПКАНАГА ЧЕЙИНКИ ТАРЫХЫЙ ЖОЛ

Архив жазууларында белгилүү болгондой Рами ферма казармасы Осмон дөөлөтүнүн султаны III Мустафанын (1757-1774) доорунда Улуу Вазир Рами Мехмет Паша тарабынан тургузулган. Республикалык мезгилде да аскер кызматын өтөгөн казарма 1960-жылга чейин активдүү колдонулган. Казармада реставрация иштери 2014-жылы башталып, 2023-жылы Түркиянын эң маанилүү китепканаларынын бирине айланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

368