7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азаматтар! Эки балбан Азия чемпионатында алтын утту

453

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Билол Шарип уулу жана Орозобек Токтомамбетов Азия чемпионатынын (U-23) жеңүүчүлөрү болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, чемпионат Иорданиянын Амман шаарында өттү.

Билол Шарип уулу 65 кг салмак чен бирдигинде финалда индиялык Рохит аттуу балбанга кес келип, жыйынтыгында 6:0 эсебинде “туше” ыкмасын колдонуп Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмакта индиялык Джейдип аттуу спортчуну жеңип, 23 жашка чейинкилер арасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду. Буга чейин 70 кг салмакта 2022 жана 2023-жылдары Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.

Мындан сырткары, эркин күрөш боюнча Юхан Доктурбек уулу менен Канат Керимбековдор коло медалга ээ болушту.

454