30-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда саат 22:15 чамасында сел жүрүп «Deo Матиз» унаасын агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Жетим-Дөбө айылында жүргөн сел унаада бараткан беш адамды агызып кетип, 1 жаранды жергиликтүү тургундар куткарып калган. Учурда куткаруучулар тарабынан 3 жарандын жансыз денеси табылып, бирөсү изделүүдө.
Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин улантууда.