7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Азаттык” радиосуна катуу эскертүү берилди

565

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматына катуу эскертүү берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Министрликтин бул чечимине аталган медианын жалган маалыматтарды: Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү учурунда маркум Евгений Пригожиндин жакын адамдары жардам берген деген чындыкка коошпогон маалыматтарды таркатуусу себеп болгону белгиленет.

«Өз кезегинде дүйнөлүк аудиториясы бар “Азаттык” радиосунун ушак, айың кеп деңгээлиндеги маалыматтарды жайылтуусун терең өкүнүү менен белгилеп, бул ал жакта эмгектенген кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө көлөкө түшүрөт деп эсептейм. Эгерде бул материал «Азаттыктын» Кыргызстандын жогорку жетекчилигин атайылап каралоого багытталган редакциялык саясатынын бир бөлүгү болсо, анда күн тартибине ушундай медиа бизге керекпи деген маселе чыгышы мүмкүн», — дейт Алагөзов.

566